Талдык ашуусуАлай кырка тоосунда жайгашкан. Алай жана Гүлчө өрөөндөрүн байланыштырат. Бийиктиги 3615 м. Белинде девондун кумдук, чополуу сланец, акиташ теги, капталдарында карбондун акиташ тектери чыгып жатат. Түндүк бети тик (55—60°), жол 12 айланма болуп аркылуу көтөрүлөт; альп жана субальп ландшафты мүнөздүү. Түштүгү жантайыңкы. Ашуу аркылуу ОшХорог авто жолу өтөт.

Бул ашууну изилдеген Юрий Францевич Грушкого коюлган эстелик

Колдонулаган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2