Танк (англ. tank – «бак», «цистерна», «резервуар») – толук сооттолгон гусеницалуу аскер машинасы. Танк өтө кыймылдуу келип, ар кандай буталарды кыйратууга жана тоскоолдуктардан өтүүгө жөндөмдүү. Биринчи жолу сооттолгон унаалардын долбоорун 1911–15-жылдары Россияда В. Д. Менделеев, A. А. Пороховщиков, Улуу Британияда Де Моль (1912) ж. б. сунуш кылган. Азыркы танктын негизги бөлүктөрү: броняланган тулкусу, башня, куралдар комплекси, кыймылга келтиргич, башкаруу системасы, электр жабдуу, жүрүү бөлүгү, өрт жана атом куралына каршы система. Башняда негизги курал (замбирек) орнотулган. Ал кол жана электр же гидравикалык кыймылга келтиргич менен айландырылат. Башня же тулку ок өтпөс легирленген болоттон жасалат. Танктын негизги аткыч куралы – замбирек, кошумчасы – 2 же андан ашык зениттик пулемёт. Азыркы танктарга найы сайлуу же жылма, калибри 105тен 125 ммте чейинки замбирек орнотулат. Замбиректин комплексине броня тешкич, кумулятивдүү, калибрлүү, подкалибрлүү, ошондой эле курулмаларды жана душмандардын аскерин кыйраткыч жарылгыч заттары бар снаряддар кирет. Көп колдонулган 120 мм калибрлүү снарядга 4–7 кг түтүнсүз дары керектелип, калибрлүү снаряддын алгачкы ылдамдыгы 800–1000, подкалибрлүүнүкү 1400–1800 м/cгe жетет. Горизонталь жана вертикаль тегиздикте атуунун тактыгы (түздүгү) стаблизатордун жардамы менен жөндөлөт, ал эми атайын приборлорду пайдалануу менен түндө да даана атууга болот. Танктын жылчыксыз жабылуусу (герметизация) 2 м тереңдиктеги суудан, ал эми атайын жабдуу менен жабдылышы терең cyy кечмелердин түбүнөн өтүүгө мүмкүндүк берет. Жер бетинде багыт алуу үчүн навигациялык аппаратура, курс көрсөткүч электрондук эсептөө жана автоматтык курсту картага түшүргүч приборлор колдонулат. Танктын оор, жеңил, сууда сүзгүч, тоскоолдон өтмө ж. б. түрлөрү бар. Азыркы учурда Россиянын армиясы Т-64БВ, Т-72М, Т-80, Т-90; америкалыктар «Абрамс»; француздар «Леклерк»; немецтер «Леопард-2» ж. б. сыяктуу танктар менен куралданган.

Танк (Т-90).

Колдонулган адабияттар түзөтүү