Танталит – татаал оксиддер тобундагы минерал, (Fe, Mn) (Ta, Nb)206. Курамынын 40%тен ашыгын Tа205 түзөт. Кошундулары: Ti жана Sn, Mg жана Са, чанда W, U ж. б. Колумбит–танталит. изоморф катарынын четки мүчөсү. Кара, кара күрөң кристалл, агрегат түрүндө. Кырлары металлдай, жаңы сынган жери чайырдай жылтырайт, тунук эмес. Катуулугу 6,5–7, тыгыздыгы 6,2–8,2 г/см3, морт. Негизинен пегматиттерде кездешет. Танталдын негизги кен ташы. Чачынды кендерден казып алынат.

Танталит.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү