Тарбын"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Кортук менен кошо жер коруп келген калмактардын бири. Кортуктун сөөгүн алганы келишкен алты калмак менен кошо Т. дагы келет. Чыйырды менен үйүн карай бараткан Манасты таанып, Кортукту ушул өлтүрдү дейт. Калмактар Манасты кармамакчы болуп жабылганда ал Т. менен дагы бирөөнү эңип алып кагыштырып, Т-ды өлтүрүп коёт (Сагымбай Орозбаков, 1. 150—153).

(Сагымбай Орозбаков, 1. 219). 

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4