Таркылдактар (лат. Turdus, L. 1758) – таркылдак сымалдар тукумундагы уруу. Дене узундугу 20–25 см. Жерде секирип жүрүшөт, кээси уккулуктуу сайрашат. Жалгыздап же анча чоң эмес колония түзүп жерге, бак-дарактарга уялайт. чопо же топуракты шилекейлеп уясынын ич жагын шыбап коюшат. Жай мезгилинде 1–2 жолу 3–7 жумуртка тууйт. Түндүктө жашаган түрлөрү кышында жылуу жерге (түштүккө) топтошуп учуп кетишет. Айрымдары туруктуу жашайт. Курт-кумурскалар, жөргөмүш, моллюскалар, курттар, өсүмдүктөр менен азыктанат. Европа, Азия жана Америкада таралган. КМШ өлкөлөрүндө 22, Кыргызстанда 6 түрү кездешет. Аларга ак каш таркылдактар, сайрагыч таркылдак, кара таркылдак ж. б. кирет.

Кара кучкач (Turdus merula).

Колдонулган адабияттар түзөтүү