Мужмал ат-таварих ва-л-кысас же «Тарыхтардын жана аңгемелердин жыйнагы» («Свод историй и рассказов») – 1126-жылы жазылган фарсы тилиндеги тарыхый эмгек. Автору белгисиз. Бул эмгекти ирандык тарыхчы Бехар 1939–40-жылы Тегеран шаарында жарыялаган. Эмгекте түрк элдери тууралуу маалыматтар да камтылып, кыргыздар «кыркыз» болуп берилген. Чигилдердин башкаруучусу, Барскан шаарынын бийлөөчүсү «тебин» титулун алгандыгы тууралуу да айтылат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.