Татаал уйкаш – уйкаштыкты түзгөн сөздөр же сөз айкаштары жөнөкөй уйкаштан айырмаланып эки же андан ашык уңгудан турат да, ал өз ара экиге – кош кабаттуу татаал уйкаш жана редифтүү татаал уйкаш деп бөлүнөт. Мисалы,

Боздосун мендей ата-энең,
Бозортчу касың мен белем 
Болбосун, иши илгери, 
Ботосун сатып мал жеген. 
 (Элдик ыр) 
Жаркыраган кашка баш, 
Жаралгандан ашка маш. 
 (Элдик табышмак)

Мындагы уйкаштыкты түзгөн сөздөр (мен белем – мал жеген) эки сөздөн турса, редифтүү татаал уйкашта уйкаштыктан кийин редиф келет. Мисалы,

Кызыл оңбос болсочу
Кыз бурулбас болсочу.
Көгөргөнү чын болсо,
Гүлдөр соолбос болсочу. 
(Токтогул)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004