Гүлмира Ташматова

Кыргызстандык актриса
Ташматова, Гүлмира‎»‎ барагынан багытталды)

Гүлмира Ташматоватеатр жана кино артисти.

Гүлмира Ташматова
Туулган датасы:

28 -март 1964(1964-03-28) (60 жаш)

Туулган жери:

Тайгараев кыштагы, Сузак району, Жалал-Абад облусу, СССР

Жарандыгы:

 ССРС Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1989 — азыркы учурда

Сыйлыктары:
IMDb:

ID 9559689

Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы түзөтүү

Гүлмира 1981-жылы айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өтөт.

 
Киного тартылуу учурунан
 
"Кыз-жигит" фильминен кадр

1983-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирет.
Театрда эки жыл чамасында эмгектенген соң 1985-жылы Москва шаарындагы Малый театрдын М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына “Театр жана киноактеру” бөлүмүнө өтөт.
1989-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап келип, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кайрадан жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жекткинчектер театрына (ТЮЗ) кабыл алынат.
Чейрек кылымдык чыгармачылык таржымалынын ичинде Гүлмира кыргыз театрындагы өз орду, өз жүзү бар көрүнүктүү артисттердин бири болуп чыга келди.
Ал комедиядан тартып бийик драмага чейинки түрдүү диапозондогу образдарды кондициясына жеткире чыгарган көп кырдуу таланттардын катарынан орун алды.
Ошол эле учурда Гүлмира Ташматовасыз азыркы кыргыздын улуттук киносуна барандуу салым кошуп, алгачкы эле киноролунан тартып көрүүчүлөргө таланттуу киноактриса катары таанылды.
Гүлмиранын театрдагы бир кыйлалаган ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары “Талант жана тагдыр” (авт.Ж.Кулмамбетов) драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот.
Актриса жараткан бул образ жалпы эле кыргыз сахна өнөрүнүн бийиктигин аныктаган көркөм чыгармачылык туундулардын катарына кирет.
Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына “Кандуу сүйүү” фильминдеги Кара кийинчен аял, “Чыңгыз менен Бүбүсайрадагы” Алмакан, “Жаралнган турналардагы” Зууракан, “Токолдор тополоңундагы” Бурулай, “Кыз жигиттеги” Нуркамалдарды кошуу абзел.

Театрда ойногон негизги ролдору түзөтүү

  • Асыл (М.Тойбаев), “Жаңы келин”)
  • Майрам (М. Байжиев, “Окуя”)
  • Кенже (Ж.Садыков, “Эр Төштүк”)
  • Елена Сергеевна (Разумовская, “Кымбаттуу Елена Сергеевна” )
  • Пери (С.Раев, “О, кыздар”)
  • Эрке кыз (Саид Ахмад, “Күйөө бала”)
  • Чөө (Л.Устинов, “Жыгач жол”)
  • Бакен Кыдыкеева (Ж.Кулмамбетов, “Талант жана тагдыр”)
  • Сүйүн, Нес болгон аял (Ж.Кулмамбетов, “Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн”)
  • Алмакан (Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз менен Бүбүсайра”)
  • Кара кийимчен аял (Ж.Кулмамбетов, “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”)
  • Жамал (А.Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)
  • Элмира (Ч.Калыбекова, “Үмүт”)
  • Жумагүл (А.Чекиров, “Мусакожо”)
  • Суусар (Ч.Калыбекова, “Мен да бактылуу болгум келет”)
  • Аялдын 53 жаш курагы (Э.Олби, “Узун бойлуу үч аял”)
  • Кацалио (К.Гоцци, “Жылаан-аял”) ж.б.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Тасмалары
Жылы Кыргызча аталышы Каармандык ролу Режессёру
1 2008 Кандуу сүйүү Кара кийимчен аял реж. Жаныш Кулмамбетов
2 Чыңгыз менен Бүбүсайра реж. Жаныш Кулмамбетов
3 2009 Кандуу сүйүү-2 Кара кийимчен аял реж. Жаныш Кулмамбетов
4 2010 Жараланган турналар Зууракан реж. Жаныш Кулмамбетов
5 2011 Токолдор тополоңу Бурулай реж. Жаныш Кулмамбетов
6 2012 Кыз-жигит Нуркамал реж. Жаныш Кулмамбетов
7 Каргыш Күлүсүн реж. Жаныш Кулмамбетов
8 2009 Дудук кыз Тарбиячы аял реж.Н.Мендебаиров
Достор Апасы реж. Рыспек Жабиров
Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем Эжеси реж.Д.Есенгулова
Салам, Бишкек Апасы
Көк салкын Жеңеси реж. Т.Чериков
2021 Аяш Сапардын кайненеси, Катянын апасы
2022 Аяш 2 Сапардын кайненеси, Катянын апасы
2023 Эшбай Нарынкүл, дүкөнчү аял реж. Ырыс Жоомартова

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  • Бакен Кыдыкеева атындагы республикалык сыйлык
  • Анвар Куттубаева атындагы республикалык сыйлык
  • Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлык

Колдонулган адабият түзөтүү




Интернет шилтемелер түзөтүү

[1](жеткиликсиз шилтеме)
[2] Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
[3](жеткиликсиз шилтеме)