Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Бир биринен 4—5 метрдей аралыкта эки тегерек сызылат, андан кийин оюнчулар, колдоруна таштарын алышып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бир тегеректе колдоруна таштарын алышып, экинчи тегерекке арты менен турушуп, таштарын баштан ары артка ыргытышып, экинчи тегерекке (уяга) түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Ташты баштан ары артка кол менен алыстыкка ыргытуу, ташты эки колдоп алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Тегерекке жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, ташты уядан башка тарапка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү