Уяча — электрондук жадыбалдын мамычасы менен сабы кесилишкен торчо.
Электрондук жадыбал 16000000 уячадан турат жана аларга берилиштер киргизилет. Уячалар электрондук жадыбалда жайгашкан орду боюнча аталат. Мисалы, В мамычасы менен 12-саптын кесилишиндеги уяча В12деп аталат. Уячаларга тексттик, сандык жана формула сыяктуу үч типтеги маалымат киргизилет. Формулага сандар, уячалардын аттары жана програмдык жабдыкта камтылган стандарттуу функциялар катышат. Учурдагы (активдүү) уячага формула эсептелип, андан алынган маани чыгарылат. Формуланы камтыган уячага формуланын өзүн чыгарса деле болот.

Булактар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3