Таш бакалар (лат. Testudines же Chelonii) – сойлоочулар түркүмү. Триас доорунан белгилүү, котилозаврлардан келип чыккан. Денеси жалпак келип, сыртынан бекем мүйүз сымал же тери панцырь менен жабылган. Үстүнкү калканы – карапакс, ал эми алдынкысы пластрон деп аталат. Башы, буттары жыйрылып панцырдын ичине кирип жана чыгып турат. Салмагы ар кандай. Инди жана Тынч океандардын аралдарында салмагы 200 кгдан ашкан, чоңдугу 2 мге чейин жеткен таш бака учурайт. Тиштери болбойт. Азыр таш бакалардын 5 түркүмү, 200дөн ашуун түрү белгилүү. Көбүнчө тропик жана экватор областтарында таралган. Түрдүү жерлерге (тропик токойлор, көл, дарыя, саз, деңиз жана океан жээктери) байырлашкан. Түсү ар кыл. Көбү өсүмдүк, айрымдары балык жана суу омурткасыздары менен азыктанат. Таш бакалар 2–3 жашында жетилип, жылына 1–3 жолу жүзгө жакын жумуртка тууйт, аларды океан, деңиз ж. б. суу жээгиндеги кумга көөмп таштайт. Көмүлгөн жумурткалары 2–3 айда жарылат. Жүз жылча (айрымдары андан узак) жашайт. Таш бакалардын эти, майы, жумурткасы, мүйүз кабыгы керектелет. Кээ бир өлкөдө баалуу таш бакалар атайын фермаларда багылат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында таш бакалардын 7дей, Кыргызстанда бир гана түрү – Орто Азия таш бакасы кездешет. Таш бакалардын 38 түрү жана түрчөлөрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Жашыл ташбака (Chelonia mydas).

Колдонулган адабияттар түзөтүү