Таяктын бир учун кармап жерден көтөрүү
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.
Оюнда узун таяк колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан кармашып, колдорун ийишпей, жерден баштарынын үстүнө чейин түз көтөрүшкөндөн кийин, кайра дагы колдорун ийишпей акырын жерге коюуга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Таяктын бир учун кармап, колун ийбей жерден көп жолу көтөрүп, кайра акырын жерге койгон оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүТирегичтин бир учун кармап көтөрүү, бакандын бир учун кармап жерден көтөрүү, бутакты кармап көтөрүү, күрөктүн сабынан кармап көтөрүү.
Оюндун эрежеси
түзөтүүКолду ийүүгө, экинчи кол менен жардам берүүгө, бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюнчулар бир аспап менен ойношу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.