Таңшаң (кыт. Тянь-Шань) — "Манас" эпосундагы топоним. — Келгин орустардан угуп, өз жеринин (Ала-Тоо) нукура наамын, заманга жараша, Т.-Ш. (Тянь-Шань) деп жат атка которо салган (Сагымбай Орозбаков, 2, 170). 19-кылымдын ортосуна чейин бул ысым Ала-Тоо калкына белгисиз болуучу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4