Тейлоризм – Америкалык инженер Ф. У. Тейлордун (1856–1915) ысмынан аталган. 19–20-кылымдын чегинде АКШда пайда болгон эмгекти уюштуруу жана өндүрүштү башкаруу системасы. Илим менен техниканын жетишкендиктерин пайдаланып, жумушчуларды иштетүүнү күчөтүү аркылуу жогорку денгээлде кошумча нарк алуу максатын көздөйт. Тейлоризм эмгек процесстерин изилдөө, жумушту так жана тез аткаруу, ошондой эле жабдуунун иштөө тартибин белгилөө, жумушчуларды тандоо жана атайын даярдоо маселелерин карайт. Тейлор карылуу, шамдагай, чебер хронометраждап-(Эмгек процеси канчага созуларын секундомердин жардамы менен ченеп алуу) аныкталган иш ченемин бардык жумушчулар аткарууга милдеттүү деп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана, синтенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөгөн.

Ченемди аткаргандарга тарифтегиден (белгиленген көрсөткүчтөн) жогору эмгек акы төлөнүп, аткарбагандарга жазапул (айып) салынган. Эмгектин өндүрүмдүүлүгүн арттыруу үчүн жумуш күнүнө дем алуу убактысы киргизилген. 20-кылымдын башында натыйжасында америкалык ишканаларда иштин өндүрүмдүүлүгү кескин жогорулап, ага чыдабаган жумушчулар жумуштан бошотулган же башка ишке которулган. Тайлоризм капиталисттик өлкөлөрдөгү эмгекти уюштуруунун негизин түзгөн жана азыркы кезде да тигил же бул шартта, кандайдыр деңгээлде колдонулат. Тайлоризм социалисттик өлкөлөрдө да өз таасирин тийгизген. Бул системаны механикалык позиция, туура эмес дегендер да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004