Текелик мөңгүсүАлай кырка тоосунун түштүк тармагы Текелик тоосунун түштүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгу. Кызыл-Суунун ири он куймасы Көк-Суунун алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,4 км3 абляциясынын аянты 2,7 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4680 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м. Мөңгүдөн Текелик суусу башталып, Көк-Сууга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү