Текечи кан
Текечи кан — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Карыкандын уулу. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча "Манастын туула элегиндеги бабалары" жөнүндөгү окуяда:
Кызыталак кытайга
Кыйрашалы журтум — деп,
Калкы тыргоот, манжуга
Бул көрөкчө өлөбүз деп, элди жоого каршы күрөшүүгө чакырат. Бирок, селдей каптаган душманга күчү жетпесин билген: "Текечи кан, Шыгай кан Ала-Тоо бойлоп качканы" эскерилет. Манас Алоокени жеңген окуяда да катышат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4