Текинаев Акжолтой - жазуучу.

Акжолтой Текинаев Чүй районундагы Алчалуу айылында 1942-жылы 20-январда туулган.
1964-жылы КМУнун филология факультетин,
1971-жылы Алм-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
1964-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Кемин РК бөлүмүнө башчы болуп дайындалат,
1966–1969-жж. Кемин райондук «Эмгек жарчысы» гезитинин жооптуу катчысы,
1971-жылдан «Нарын правдасы» облустук гезитинин редакторунун орунбасары,
1976-жылдан Нарын облусунун облустук полиграф басмасынын начальниги, ал эми
1985-жылдан Чүй райондук «Ленин жолу» гезитинин редактору болуп иштеген.

А.Текинаевдин 1971-жылы «Жылдыздар эч кайда кетпейт» аттуу би-ринчи повесттер жыйнагы чыккан.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1970-жылдан СССР Журна-листтер союзунун мүчөсү болгон.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.
Нарын облусунун Эл депутаттар советине депутат болуп шайланган (1978–1982).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жылдыздар эч жакка кетпейт: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 151 б.

Чабандын уулу: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1974. – 141 б.

Аппак кар: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 168 б.

Окшош эмес күндөр: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 92 б.

Эстей жүр: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 269 б.