Телти мөңгүсү
Телти мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Жети-өгүз суусунун оң куймасы Телтинин башында жайгашкан. Уз. 3,2 км,аянты 3,7 км2. Үч камералуу цирктин таманында жайгашып, үч мөңгүдөн турат.«Тили» кыска, жазы, орток морена аркылуу үч салаага бөлүнгөн. Башы деңиз деңгели. 4450 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Карчегинин бийикт. 3760 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүдөн Телти суусубашталат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү
- Телти мөңгүсү(жеткиликсиз шилтеме)