Элдик үндүү аспап. Тилин сөөмөй менен кагып, көмөкөй аркылуу күүгө келтирүүчү муну жасоодо ар бир устанын өзүнүн жекече ыкмасы болот. Комуз үчүн темирдин акурча түрү да тандалат. Адатта, мунун тышкы көлөмүнүн узундугун төрт см дей кылат.

Өткүр (курч) чалгынын кырынан ооз комуздун тилин созуп алат да, мунун чыңдоосун майда өгөө аркылуу ийине келтирет. Ал эми комуздун жаагын болсо балка менен чаап, буюмду сынына чыгарат. Ошондо комуз тилинин иймегин үч мм дей ийип, учуна калай жабыштырганда ал салмактуу келип, какканда үнү катуу чыгат.

Же комуз жаагын жезден тандап, темирге күмүштү жалатат. Комуз тилине көбүнчө болот зымды (пружина) керек. Зымды кесип, отко салып, кызыл тап болгондо аны өгөөлөп, жаакка түздөп ченеп кесет. Кайра өгөөлөп, анан кынап алып, кайрадан отко салып, тилин ийип, аны жаакка кынаптап уруп таштайт. Чынында, комуздун жердигин тандай билүүсү устанын устаттыгын аныктайт.

Комуздун жаагы жумшак темирден, күмүштөн, колодон, жезден жасалса, анын тили сөзсүз түрдө курч темирден — болоттон тандалат. Жакшынакай өгөп, табына келтире сугарбаса, үнү жакшы чыкпай калат. Тил кадимки эле чалгы, өгөө же магнит өңдүүлөрдөн жасалса, эң жакшы болот. Өгөө менен жылмакайлап, кынаптап сүрүү керек.

Кандим усталар кадимки болот темирди: «кара болот», «ак болот» — деп экиге бөлүшөт да, атайын байкоодон өткөрүшөт. Мунун ич ара болгон айырмасын байкашат. «Ак болот» комуздун кагылуусу жумшагыраак, муңайымдуу үн берет. Чынында кара болоттун үнү коңгуроодой бийик жана уккулуктуу болот. Кара болотту отко салса жумшайт, сугарган сайын ал катуулайт, морт да келет. Андыктан аны иштетүүдө усталар шумкар асыраган мүнүшкөрдөй өтө кылдат мамиле жасашат. Темирди өзүлөрү билгендей жибитип, ойдогудай таптап алышат. Демек, анын жаагын жезден да, чоюндан да жасоого болот. Кара болотту комуздун жаагынын узунуна жараша кесип, аны сомдоп алып, майда . тиштүү өгөөсү менен жукартып, жаакка бириктирип, анан анын үнүн текшерүү зарыл.

Темир комузду эски салт боюнча кыз-келиндерибиз каккан. Бирок, темир комузду жасаган усталар эркек болгондуктан алар да кага билген. Өздөрү кага билбесе, анын үнүнүн кандайча чыгышын биле албайт. Темир комуздун жасалышы өтө татаал келет. Аны бардык усталар кармай албайт. Бир темир комуз жасоого караганда бир ат жабдыктарынын бүтүндөй бөлүктөрүнө, же аялдардын азем буюмдарына узануу, арийне, жеңилдей туюлат. Мындай абалы үндү таба билүүбүз зарыл. Ага узануу анын жаагын жакшылап жасоодон башталат.

Жаак — комуздун тилинин эки жагындагы үч кырдуу, оозго салып кагаарда тишке тие турган (такала турган) кол кармоочу тегерек чаңгарактан созулуп чыккан кош сызыкча темир. Темир комуздун жаагын усталар муңайым темирге кумуш да жалатып коет. Бирок, таза күмүштөн жаак жасабоо керек. Анткени күмүш өтө жумшак келип, ал үндү анча бере албайт. Кадимки темир жаакка күмүштү жалатат. Мында аны дат чалбайт, жаркырап көрк берип турат. Күмүш жалаткан темир комуздарды таза чүпүрөк менен кез-кез сүртүп коет. Үн кубулуштары (жоон, орто, ичке) болушу анын тилине жараша болот.

Зергерлер аны көп чабылып жышылып калган чалгынын мизинен алат. Башка темирди чозуп, анан өгөөлөп кылоосуна келтиргенче, чалгыны кармоо оңой. Комуздун жаагынын өлчөмүнө жараша кесип алып, кыстыргычка карматып өгөөлөйт. Тилди кошо турган жерине жазыраак кош жаагын кошуп ширетип, тилдин учун кош жаактын учунан кичине ашырып туруп ийет. Аны «тилдин учу» дейт. Какканда колго кирбес үчүн тилдин учун тоголокчо кылып ийип коет. Тилди атайылап кып-кызыл ийди темир менен ийип, аны аяр сугаруубуз зарыл. Курч темир өтө катуу сугарса, чорт ыргып кетет. Ошондо эле тил өйдө-төмөн ийилгенде чорт сынма болуп калат.

Усталардын темир комуздардын үндөрүн бир калыпта жасай алышы өтө кыйынга турат. Комуздун жаагын ийгенде учтарынан бири узунураак, бири кыскараак болуп калышы да ыктымал. Кош жаактын учу бирдей болсо тишке такаганда экөө бир турат да, комуздун тили какканда бир калыпта үн берет.

Темир комуздун өзүнө жараша үнү да өтө назик келет. Аны каккан убакта дем алуу ыкмасын жакшылап билүү керек. Желди ичке тартканда, чыгарганда кагып жаткан күүбү же обонбу, аны көкүрөк менен ойлонуп, көмөкөй менен акырындап кайрыш керек. Дем алуу жөнөкөй отургандагыдай эле бир калыпта болбосо, бышылдап-күшүлдөп, желди ичине катуу тартса же сыртка катуу чыгарса, комуздун тили үйлөнүп калат да, комуздун тилине чөпкө бубак түшкөнсүп, илешмелер жабышат. Аны жакшы билгендер ичке ийне менен акырындап сүртүп, илешмелерден тазалап коет. Билбегендер жоон темене же төөнөгүч менен сүртөбүз — деп, тилин майрыйтып же чалкасына кайрып салат. Темир комузда бардык эле обондор, күүлөр келе бербейт. Баштооч үнүнөн башка төрт же беш үндү араң алат. Анда дагы көөдөндөн чыккан желдин кысымы менен алат. Өтө жоон үндү алышы кыйын болот.

Усталар темир комуздун жаагына да бөтөнчө көңүл бурушат. Анткени, комуздун үндү талаптагыдай чыгарышы көбүнчө жаагына да байланышат. Жумшагыраак металлдан тандалат. Себеби, муңайым темир ийип-чоюуга ийкемдүү. Аны отко салбай деле иштетсе болот, оңой менен сынбайт.

Темир комуздун тилине өтө курч металл болот гана жарайт. Курч темир катуу сугатты көтөрө албагандыктан аз-аздан кылдаттык менен сугарып, анан өгөөлөйт. Комуздун дабыштуулугун тилди өгөөлөп жатканда эле билишет. Тил жаакка салынаар убактысында ал тилдин көмөкөй жагын кычкачтап кармап туруп, сөөмөй менен чалып серпилтип көрөт. Качан гана «дың-дың» деген коңур үн чыкканда жаакка аны орнотот. Тилди жаакка салганда жаактын төрт кырынын бири сөзсүз тилге барабар келип, түз жайгашышы зарыл. Темир комуздун жаагынын узундугу алты жарым же жети см дей болушу талапка ылайыкташат.

Темир комуз менен да «Так теке» ойнотулат. Андыктан усталар «так текени» өзүлөрү жасайт. Темир комузга кош тил чыгарышат. Анын бирөө ичкерээк, бирөө жоонураак үн берет. Какканда үнгө-үн кошкондой угулат. Бул кош үндүн бирөө жоонураак, экинчиси ичкерээк сезилип турат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)