Темляков, Дмитрий Андреевич

Темляков Дмитрий Андреевич (1924, Рязань облусу, Кадамск району, Молочная Гора айлы — 1993, Каракол) — Даңк орденинин толук кавалери, гвардиянын старший сержанты.

Темляков Дмитрий Андреевич.

1937-ж. ата-энеси менен Түп районуна көчүп келген.
1942-ж. октябрдан Советтик Армияда. Сталинград, Дон, Түштүк-Батыш, 3-Украина жана 1-Белорус фронтторунда аткычтар командири болуп согушкан. Душмандын ок атуучу очогун жок кылганы үчүн 3-даражадагы (1944-ж. 4-февраль), фашисттердин автомашиналарынын колоннасын талкалагандыгы үчүн 2-даражадагы (1944), Головочув (Польша) айлында душмандын коргонуусун жарып өткөндүгү үчүн (1945) 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.
1947—52-ж. Кара-Жал айылында, 1952—84-ж. Каракол электр-техникалык заводунда иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.