Терек-сунжа дөңсөөсү, Терск-Сунжа Кавказ өндүрүнүн түштүк-чыгышында, Терек дарыясынын түштүгүндө, Ингуш жана Чечен Республикасынын аймагында. Дөңсөөдө кеңдик багытта созулган Терек (бийиктиги 664 м) жана Сунжа (926 м) тоолору жайгашкан. Алар Алханчурт өрөөнү аркылуу бөлүнөт. Талаа ландшафты басымдуу. Сунжа тоосунун түндүк капталын жазы жалбырактуу токой ээлейт. Аймагында Грозный нефть аймагынын негизги кени жайгашкан. Терек тоосунда күкүрт-көмүртектүү терм булактары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү