Терек мезолит, өнөркана – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7-миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Нарын облусунун Атбашы районунун Аксай жана Терек сууларынын кошулган жериндеги жалчанын түштүк капталында жайгашкан. 75х40 м аянтта орто жана чоң таштын чамындылары, жалпак таштар, 10 таштын чордону, миздүү таш кыргыч, таштан жасалган көзөгүч куралдары табылган. 1968-ж. Кыргыз археологиялык экспедициясынын таш доорун изилдөө боюнча отряды (жетекчиси В.А.Ранов ) тарабынан ачылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.