Терек суусу, Ат-Башы району
Терек – Ат-Башы районунундагы суу, Аксай өрөөнунүн оң куймасы. Узундугу 60км, алабынын аянты 1160 км. Какшаал-Тоо системасынын түндүк капталындагы Кыпчак ашуусуна жакын 3925 м бийиктиктен башталган суу, түштүккө карай агат. Аксайга кошуларда нугу кеңейип, салааларга бөлүнүп, суунун айрым бөлүгү аллювий тектерине сиңип, жер асты менен Аксайга кошулат. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Оттоташ, Сариймек, Ортосуу(сол), Тузбел, Жергеталсай (оң). Жылдык орточо чыгымы 3–6 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль – августта, азы февраль–мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2