Тереңдетилген психология

Тереңдетилген психология – азыркы ар кыл чет элдик психология багыттарынын аталышы; ал өз изилдөөсүнүн предмети кылып адамдын түпкү күчүн, кызыгуусун жана тенденциясын алып, аң-сезимдин үстүнөн кайпып өткөн процесстерге каршы коет. Тереңдетилген психологиянын чеги так баамдалбайт: ар түрдүү агымдар менен мектептерди (Фрейддин, Юнганын, Адлердин, эгопсихология, неофрейдизм ж. б. окууларды) өзүнө камтыйт. Адамдын жүрүм-турумунун мотивин чечмелөөдө Тереңдетилген психология активдүү динамикалык ролду сезимсиздик мотивизацияларга айрыкча басым жасайт, ал өзүнчө метод менен изилденет (психоанализ ыкмалары, прожективдүү тестүүлөр, психодрама ыкмалары). Тереңдетилген психология психотерапиянын керектөөлөрүнөн чыгып, психологиялык факторлорго маани берген медицинанын жаңы тармактарынын өсүшүнө түрткү берген. Тереңдетилген псиология түшүнүгү үстүндө Швейцариялык психиатр Э.Блейлер жана аны менен тыгыз баланышта иштеген З.Фрейд иштешкен. Иликтөөлөрдү салыштырууда авторлор призма аркылуу психикалык феномендерди учу-кыйыры жок терең изилдөөнүн фундаментин түзүштү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004