Термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү

Шарты түзөтүү

Оюнга катышуучулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, дем алчуу жер, дарактуу жер, спорттук оюндарды өткөрүүчү жер.

Оюнда селкинчек колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар селкинчекти тургузушкандан кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчекти буттарында туруп тебип жатышын алыстыкка секирип түшүүгө аракеттенишет. Оюн 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Селкинчек тебип жатып, алыстыкка секирип түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Селкинчекке, секирип турчу жерге жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, көпкө чейин термелүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, кыймылдарды башкарууга, чечкиндүүлүккө, секирип түшүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү