Терренкур (француз тилинен terrain — жер жана немис тилинен Kur — дарылоо) — дарылоо максатта атайын чектелген маршрут боюнча жөө басып сейилдөө ыкмасы.
Ал санаторий-курорттук шарттарда жүргүзүлөт. Түз жерде басууну акырындап жогору чыгуу менен айкалыштыруу, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системасынын функциясын жакшыртат, зат алмашууну күчөтөт, нерв-булчуңдардын тонусун жогорулатып, бут булчуңдарын машыктырат.
Терренкур жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын баштапкы стадиясында, өзгөчө жүрөк булчуңунун жыйрылуу функциясынын начарлашында, өтө семирүүдө, дем алуу органдарынын кээ бир ооруларында, ден соолукту чыңдоодо жүргүзүлөт. Өлчөмү менен жогору карай тоого чыгуу буттардын травмасынан кийин жакшы натыйжа берет. Терренкурду врач жана айыктыруучу физкультуранын методисти көзөмөлдөйт. Врачтын сунушу болмоюнча өз алдынча терренкур менен жүрүү оорулууга коркунуч туудурушу мүмкүн. Терренкур үчүн бир нече маршрут (жеңил — 500 мге, орто — 1500 м жана татаал 3000 лге чейин) түзүлөт. Ар бир маршруттун жолунда 100-200 м сайын эс алууга ыңгайлуу отургуч коюлат.

Терренкур

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8