Терс, капчыгайы - Чаткал жана Терс тоолорунун ортосунда түштүк батыштан түндүк чыгышка 42км ге созулат. Таманынын туурасы Чаткал өрөөнүнө чыга берген жерде 2–3км, кууш жери ортоңку бөлүгүндө 300–500м. Жапыз жери 1500м, бийик жери 3100м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай эрозиялык жана денудациялык процесстерден пайдаболуп, көп бөлүгү кууш каньон сымал. Ал аркылуу Терс (Чаткалдын сол куймасы) суусу агат. Жарым чөл жана талаа, бадал токойлуу шалбаа жана шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу.

Аталышы Терс, капчыгай
Узундугу 42км
Жазы жери 2000-3000м,
Кууш жери 300-500м
Бийик жери 3100м
Жапыз жери 1500м

Адабият түзөтүү

  • [http:www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004.] ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү