Теңдик – адамдардын коомдогу бирдей абалын туюндурган түшүнүк. Теңдик ар кайсы тарыхый доордо, ар кайсы таптарда түрдүү мазмунга ээ болгон. Теңдик көйгөйү тарыхы коом таптарга жиктелгенден башталат. Улуу утописттер Т. Мор жана Т. Кампанелла биринчилерден болуп теңсиздикти өндүрүш каражаттарына болгон жеке менчикке байланыштырган. Ж. Ж. Руссонун “коомдук келишим жөнүндө” деген атактуу эмгегинде айкын көрүнгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [[Категория: Филология