Теңир

Байыркы түрк-моңгол элдеринин эң жогорку кудайынын аты

Теңир — байыркы түрк-моңгол элдеринин эң жогорку кудайынын аты. Теңир алтай тилинде — тенгри, тенгери; шор тилинде — тегри; хакас тилинде — тигер, тер; тува тилинде — дээр; чуваш тилинде тура; якут тилинде — тангара; моңгол тилинде — тэнгэр; бурят тилинде — тэнэри; калмак тилинде — тэнгэр кытай тилинде -腾格尔, путунхуа Ténggéer, түрүндө айтылат. Илимий чөйрөдө Т. дин катары биздин заманга чейин 3-кылымда Борбор Азияда пайда болгон деп болжолдонот. Гунн тилинде ал "тенли" деп айтылып, "асман" деген маанини түшүндүргөн. Кийинки мезгилдерде изилдөөчүлөр анын тамырын байыркы "асманды" түшүндүргөн шумердик "дингир" менен байланышта карашууда. Аны кытайлык "天(tian)-тянь" — "асман же көк" менен жарыш келтиришкен окумуштуулар да бар. Бул дин тууралуу кеп кылганда анимисттик ишенимге негизделген "асман ээси" жөнүндөгү ойду түшүнөбүз. Асман анын жашоочу жайы гана эмес, анын өзүн да түшүндүрөт. Түштүк Сибир, Борбор Азияда жашаган кээ бир элдердин түшүнүгү боюнча 99 Теңир бар, алардын башкы ээси болуп Көк-Теңир саналат. Байыркы түрк жазмаларында да Көк-Теңир адамдардын, элдердин жана мамлекеттердин тагдырын бийлеген кудай. Көкөтөйдүн ашында Жолой күрөшкө чыкканда, аны көргөн элдин баары Көк-Т-ге табынышат:

Калмак, кытай, тарса, жөөт
Карап турган канча көп,
Өз дининче окунуп,
Күн чыгышка бет алып,
Көкө-теңир колдо деп,
Батасын кылды чокунуп
(Сагымбай Орозбаков, 3. 186).

Бул жерде эки тарап тең табынып, ар кими балбанын колдоону Көк-Теңирден өтүнөт. Ал эми башка бир жеринде кырк жигит жөнүндө минтип айтылат: "Кийген тону көк темир, Сыйынганы бир теңир" (Сагымбай Орозбаков, 3. 138). Зороастризм динин тутунгандар сыяктуу эле Теңирге сыйынгандар да өздөрүнүн башкы кудайын Чыгыштан нурларын чачыратып чыгып келаткан күн кейпинде элестетишип, чыгып келаткан күнгө, алоолоп күйгөн отко табынышкан. Кийинки изилдөөчүлөрдө "теңиризм" — зороастризмдин чыгыш бутагы болгон болсо керек деген ойлор да бар. Кыргыз элинде "теңир колдонулат. Борбор Азиядагы "Теңир-Тоо", "Кан-Теңир" деген тоо, чокулардын аттары да түрк элдери ушул динди тутунуп турган замандарда коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4