Тибет-кыргыз алакалары – 7–8-кылымдарда Кыргыз кагандыгы менен Тибет мамлекетинин ортосундагы элчилик, маданият, соода байланыштары. Эки мамлекеттин өз ара мамилелери жалпы душман эсептелген Уйгур кагандыгына жана Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөөгө багытталган. Бул саясий-экономикалык алакаларды Түргөш кагандыгы жана Теңир-Тоодогу карлуктар колдоп турушкан. Карлуктар тибеттен кайткан кыргыз кербендерин каракчылардын кол салуусунан коргоп, узатып турушкан. Бул байланыштар тууралуу маалыматтар руна сымал жазуу эстеликтерде да чагылдырылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.