Тигр
Тигр (байыркы фарсы тилинде tigra – жебе) – Түркия, Сирия жана Ирактын аймагындагы дарыя. Узундугу 1850 км, алабынын аянты 375 миң км2. Армян тайпак тоосунан башталып, ортонку жана төмөнкү агымында Жезире платосун жана Месопотамия ойдуңун кесип өтөт. Эль-Курна шаары тушта Евфрат дарыясы менен кошулуп, Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Ал Перс булуңуна барып куят. Башкы куймалары – Чоң жана Кичи Заб, Дияла, Керхе (сол). Орточо чыгымы Багдад шаары тушта 1240 ж3/секдай, андан төмөн суусу азаят; еуусу жазында кирет. Агымы плотиналар менен жөнгө салынган. Жээгинде сугат оазис тилкелери бар. Багдадга чейин дайыма, суу киргенде Мосул шаары чейин кеме жүрөт. Боюнда Диярбакыр (Түркия), Мосул, Багдад, Басра, Кут-эль-Амара, Амара, Эль-Курна (Ирак) шаарлары жайгашкан. Тигр менен Евфраттын аралыгы байыркы цивилизациялардын (Ассирия, Шумер, Вавилония) очогу болгон, Тигрдин боюнда б. з. ч. Ниневия, Ктесифон, Опис, Селевкия, Амида ж. б. гүлдөгөн шаарлар болгон.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/06/Tigr-euph.png/220px-Tigr-euph.png)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/81/Tigrisdiyarbakir.jpg/220px-Tigrisdiyarbakir.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9