Тилмеч — котормочу, бир тилден экинчи тилге оозмо-ооз которуп берүүчү адам. Бирин-бири түшүнө албаган улуттардын өкүлдөрү Т. аркылуу сүйлөшүшөт. "Манас" эпосунда окуяларына түрдүү эл катышкандыктан бул термин эпосто көп жолугат. Мисалы, "Тил билбеген журт болсо Тилмечи жооп берсин деп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 148). Бокмурун атасына аш берүүгө камданып, кабарчыга тандаган жаш Айдарды Т-тиги төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Ар жумушка дилгирген,

Алтымыш түрдүү тил билген,

Ары тилмеч, ары акын,

Ар жакшыга көп жакын (Сагымбай Орозбаков, 3. 86). "Манас" эпосунда "алтымыш бурку тил билген" Ажыбай дайыма элчи болуп барат, Т-тик милдет аткарат. Алмамбеттин Манаска келип кошулушуна карата той өткөрүп, ат чапканда Мажиктин Төөсуру тогузунчу болуп келет. Ошондо: "Тилмеч белең атыңа, Так өзүңө Төөсуруң Таанып келди деп айтып" (Сагымбай Орозбаков, 2. 327), — деп аны Кыргыл, Бакайлар тамашалашат. Деги эле эпикалык тулпарлардын сүйлөөгө жөндөмдүүлүгү фольклордук чыгармаларда көп кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4