Тильвитис Теофилис (15(28). 1. 1904, Гайжяй кыш,. азыркы Утена району - 5. 5. 1969, Вильнюс) - литва совет акыны, Литва ССР эл акыны (1954).

1951-жылдан КПСС мүчөсү. 1933-40-жылдары «Кунгаплис» сатира журналынын редактору.

Чыгармалары 1923-жылдан жарыялана баштаган. «Үч грендер» жыйнагы (1926) символисттер менен романтистерге каршы жазылган «Кошчулар» поэмасы (1930-47) - Литванын тарыхый хроникасы. «Дичюс» поэмасы (1934) менен «Столдун тегерегиндеги саякат» романында (1936) эски коомдук түзүлүштү сынга алган. «Балтика шамалы» (1948), «Бакыт жөнүңдө сонеттер» (1951) ыр жыйнактары менен «Уснин» поэмасында (1949: СССР мамлекеттик сыйл., 1951) литвалык дыйкандардын социализмге өтүү жолун көргөзөт.

Ленин ордени, Эмгек зыл Туу ж. б. орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4