Тиман токол тоосу – Чыгыш Европа туздугунун түндүк-чыгышындагы дөңсөө. Баренц деңизинин Чеша колтугунан Вычегда дарыясынын башталышына чейин 900 кмге созулат. Түндүк бөлүгү анча бийик эмес (303 мге чейин) Косьма Ташы, Тиман Ташы ж. б. жалчалардан түзүлүп, ортонку бөлүгү бийигирээк (471 мге чейин, Четлас Ташы) келет; түштүгү өз-өзүнчө бир топ дөңсөөлөрдөн турат. Тоонун түндүк бөлүгү тундра жана токойлуу тундра зонасында, түштүгү тайганын аймагында жайгашкан. Кендери: нефть, газ (Тиман-Печора нефть-газ бассейни), титан, боксит, күйүүчү сланец, торф, курулуш таштар.

Тиман токол тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү