Тиричилик толкундары - тирүү организмдердин ар кандай популяцияларына мүнөздүү болгон особдордун санынын термелүүсү.

«Тиричилик толкуну» деген терминди илимге биринчи жолу 1905-ж. С. С. Четвериков киргизген. Тиричилик толкундарын эволюция процесси үчүн мааниси абдан чоң. Себеби, ар кандай популяциядагы жакндыктардын санынын өзгөрүүсү менен табигый тандоонун интенсивдүүлү алмашат да, натыйжада популяциянын генотиптик түзүлүшүнүн кескин өзгөрүүсүнө алып келет. Ошондуктан тиричилик толкундары же популяциялык толкун – мутация, обочолонуу (изоляция) жана табигый тандоо менен бир катар бирден бир эволюциянын төртүнчү элементардык фактору болуп саналат. Жаратылышта жылдан жылга же муундан муунга өзүнүн санын дайыма туруктуу кармаган бир да өсүмдүк же жаныбар түрү кездешпейт. Ошондуктан тиричилик толкундары мезгилдик, (генетикалык жактан шартталган) жана мезгилдик эмес (сырткы чөйрөнүн ар кандай абиотикалык жана биотикалык шарттарынын популяцияга түздөн түз таасир этиши менен шартталган) деп ажыратылат. Тиричилик толкундарынын узактыгы организмдердин өрчүү циклинин узактыгына түз пропорционалдуу. Көбүнчө тиричилик термелүүсү популяциянын чегинин пульсациясы менен бирге жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4