Титанит (курамындагы титанга байланыштуу аталган) – минерал, титан менен кальцийдин силикаты, CaTiSiO5. Курамынын: 40,8%ин ТiO2, 30,6% ин SiO2 жана 28,6% ин СаO түзөт. Өңү сары, жашыл, күрөң, кара. Тунук эмес, катуулугу 5— 5,5, тыгыздыгы 3,4-3,54 г/см3, морт. Щёлочтуу магма тектеринин, граниттин акцессор минералы, ошондой эле контакттык метаморфизмдин натыйжасында пайда болгон силикаттык карбонат тектеринде, кварц тарамдарында, кристаллдык сланецте жана гнейсте кездешет. Титанит – титандын кен ташы (курамында 24,5% ке чейин титан болот), бирок табиятта ири кендери кездешпейт. Комплекстүү титан кен ташынын компоненти катары авиация жана согуш өнөр-жайында колдонулуучу металлтитанды өндүрүүдө пайдаланылат. Зер ташы катары колдонулуучу тунуктары табиятта сейрек кездешет.

Титанит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү