Ткачев Петр Никитич (1844–1886) – теоретик, публицистик Ткачевдун көз караштары 60-жылдардагы революциячыл демократтардын идеяларынын таасири астында калыптанган. Мисалы, Лавровдон айырмаланып, Россиядагы социалдык философия негизинен ишке ашышы керек деген. Ткачевдун ою боюнча социалдык революция өлкөдө токтоосуз буржуазиялык мамилелер калыптана электе башталышы керек. Буржуазия калыптанганда гана революциячыл көңтөрүштү көпкө чейин созуп, кечеңдетип коюшу мүмкүн. Орус элинен, анын ичинде общиналык дыйканчылыктан “институту” боюнча жана “салты” боюнча социалисти көргөн. орус элинин революциячылыгы эскини талкалап “азчылыктын бийлигин жана беделин” күч менен чече алат деген ишенимде болгон. Ткачевдун негизги эмгектери: “Коомдук өзүн-өзү сактоонун мыйзамы” (1870), “Россиядагы революциялык пропаганданын маселелери” (1874), “Фридрих Энгельс мырзага ачык кат” (1874), “Набат” (1875), “Революция жана мамлекет” (1876) жана. башка