Той
Той — кубанычтуу окуяларга арналып, салтанат менен өткөрүлүүчү элдик ырым-жырым. "Манас" эпосунда Т. кыргыздардын турмушунун ар кандай окуяларына байланыштуу өткөрүлгөн: жентек Т., тушоо Т., сүннөт Т., үйлөнүү Т. жана башкалар. Мындан сырткары коомдук мааниси бар окуяларды Т. өткөрүп белгилешкен (кан көтөргөндө, жортуулдан ийгиликтүү кайтып келгенде); кээ бир убактарда жакшы иштин жөрөлгөсү үчүн да Т. беришкен. Т. тиги же бул жамаатты, топту, ошондой эле, элди же уруу ынтымагын бекем кармоо, ырк бузууларга жол бербей, элди бириктирүү үчүн да берилген. Ошол коллективдин же элдин бардык мүчөлөрү же өкүлдөрү Т-го сөзсүз чакырылган. Т-дун кылымдардан бери калыптанып келген өз ирети, конок алуу — узатуу тартиби болгон. Т. берип жаткан адамдын урук туугандары, жамаатташтары Т. ээси болуп эсептелишкен. Алар коноктор келип кеткенге чейин, бардык чыгымдарды чогуу көтөрүшкөн. "Манас" эпосунда ар кандай кубанычтуу окуяларга карата берилген Т-лор жөнүндө кеңири баяндалат. Алар — Манастын төрөлүшүнө, ага ат коюуда, кан көтөрүүдө, үйлөнүүсүнө, Алмамбеттин келишине арналып берилген жана башкалар чоң, кичине Т-лор. Т. берүү салты тарыхый изилдөөлөргө караганда адам баласынын турмушундагы эмоциялуу окуялардан улам келип чыккан көрүнүш. Ийгиликтүү аңчылыктан, мергенчиликтен, жортуулдан кийин алгачкы адамдар тобу олжону бөлүшкөн. Бул окуя жөн гана эле эмес ар кандай ырым-жырымдар менен коштолгон. Алар алгачкы диний көз караштар, ишенимдер (анимизм, магия жана башкалар) менен байланыштуу. Тарыхтын кийинки баскычтарында Т. берүү салты татаалдашып, жаңы элементтер пайда болгон. Кыргыздарда Т. балдар, улан, кыз, кыз-келиндер оюндары, ат чабыш, оодарыш, көкбөрү, күрөш, жамбы атмай, эр сайыш жана башкалар оюндар менен коштолгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4