Тойчубекова Бурулкан (1932-2007) - филология илимдеринин доктору (1994), профессор.

  • 1950-жылы Фрунзе шаарындагы Кыз келиндер училищасын бүтүрүп, анан Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1954-жылы аяктайт да, Фрунзе шаарында басма иштеринде, мектептерде эмгектенет.
  • 1965-жылы КМУнун филология факультетинин Кыргыз тил кафедрасына аспирант болуп өтөт.
  • 1967-жылы «Кыргыз тилиндеги кыймыл атоочтор» деген темада кандидаттык диссертациясын коргойт.
  • КРИУАнын «Грамматика» секторунда кенже илимий кызматкер (1965-1973), улуу илимий кызматкер (1973- 1980, 1985-1993), сектор башчысы (1980-1985) болуп иштеген.
  • 1994-жылы «Кыргыз адабий тилиндеги бир составдуу сүйлөмдөрү деген темада докторлук диссертациясын коргойт.
  • 1993-1996-жылдары КРИУАнын Тил илими институтунда сектор башчы болуп иштейт, анан башка кызматка которулат.

50дөн ашык илимий эмгеги бар, анын үчөө монография. «Семантикалык синтаксис» боюнча эмгекти жараткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9