Токбаев Имаш

  ==өмур жолу==
        1900-жылы Пишпек уездиндеги Лебединовка кыштагында туулган.Кыргызстанда Совет бийлигин чындоо үчүн күрөштүн катышуучусу.1917-жылы январдан революциячыл ишке аралашкан.1918-жылы августта биринчи Пишпек атчандар полкунун катарында Анненковдун бандасын, декабрда Ак-Суу козголоңун басууга катышкан.1919-жылдан 3-интернационалдык ыктыярдуу отряддын командири; өзүнүн отряды менен Верный аймагында атаман Мальцевдин бандасын,полковник Сидоровдун ак гвардиячыларын талкалашкан.1920-жылы декабрдан Жети-Суу областтык Өзгөчө атайын укуктуу өкүлү жана Жаркенттеги өзүнчө атчандар дивизионунун командири болгон.Кетмен-Төбөдөгү басмачыларды талкалоого жетекчилик кылган.1930-1933-жылдары Борбордук Теңир-Тоодo,кийин Чүй өрөөнүндо колхоздоштуруу ишине катышкан.Улуу Ата-Мекендик согушта батарея командири болгон.Согуштан кийин райондук аскер комиссари болуп иштеген.1957-жылы дүйнөдөн кайткан.