Токио сот жүрүмү
Токио сот жүрүмү – Экинчи дүйнөлүк согушта тынчтыкка, адамгерчиликке, согуш каадалары менен мыйзамдарына каршы кылмыш жасашкан жапон аскер кылмышкерлеринин башчыларынын үстүнөн болгон сот жүрүмү. Жапон аскер кылмышкерлеринин башчыларынын үстүнөн болгон сот үчүн Эл аралык аскер трибуналы өз жыйынын 1946-жылдын 3-майынан 1948-жылдын 12-ноябрына чейин Токиодо өткөргөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7