Токой коргоо - токой сырьё ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, токойду калыбына келтирүү, аны өрттөн, зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо, ошондой эле токой дарактарынын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар системасы.

Токой коргоону мамлекеттик токой коргоо мекемеси ишке ашырат. Бул мекемеге токой чарба ишканаларынын, Токой коргоо башкарма же бөлүмдөрүнүн адистери кирет. Токой коргоо иштерин, ошондой эле жергиликтүү токой чарба кызматкерлери ж. б. жүргүзүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4