Токой таануутокой жөнүндөгү башкача атйканда токой табияты, андагы дарак, бадал, чөп өсүмдүктөрү, алардын географиялык таралышы жөнүндөгү илим. Токойду ар тараптан изилдөөнүн натыйжасында далилденген жана токой ресурстарын туура өздөштүрүү боюнча пайдаланылып жаткан чаралар системасындагы закон ченемдерди илимпоздор көп жыл бою изилдеген, бирок топурак таануу 20-к-дын башында гана өзүнчө илим катары негизделген. В.В.Докучаевдин зоналык жер кыртышы жөнүндөгү окуусунун негизинде жана практиктердин жана башка көп токойчу илимпоздордун тажрыйбасын эске алуу менен 1902-12-ж.ж. Г.Ф.Морозов токой тууралуу окууну, ошондой эле таануу-токойчулук теориясын негиздеген. Ал токой породаларынын, көчөттөрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн жана касиеттерин, зоналык типтерин, табигый алмашып турушун жана башка иликтейт. Т. т-нун өнүгүшүнө В. И. Сукачевдун биогеоценол. боюнча пикири да зор роль ойногон. Т. т. конкреттүү экономиканы эске алуу менен физикалык-географиялык, биологиялык жана башка илимдердин негизинде өнүгөт. Т. т. боюнча изилдөөлөр Россиянын ИАнын Т. т. лабораториясында, ал ИАнын Сибирь бөлүмүндөгү Токой жана жыгач институтунда жана башка илимий, мекемелерде жүргүзүлөт. Кыргыз республикасынын УИАнын токой жана жаңгак-чарба институту, ботаника багы да илимий иштерди жүргүзүүдө. Т. т. сабак катары токой институттарында биология факультеттерде өтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү