Токой өсүмдүктөрү

1) эгилме же тигилме дарак же бадал өсүмдүктөр. Мурдагы токойлуу жерде Токой өсүмдүктөрүн өстүрүү токойду жасалма калыптандыруу, ал эми жаңы жерге өстүрүү токой өстүрүү деп аталат. Мындай жерде өстүрүлгөн Токой өсүмдүктөрү табигый токойго Караганда түшүмдүү келип, кыйылган өсүмдүктүн орду тез толукталып турат.

Токой өсүмдүктөрү жыш, сейрек, утурумдук болуп бөлунөт. Жыш Токой өсүмдүктөрү таза (бир эле породадан) же аралаш (бир нече породадан) отургузулат. Токой өсүмдүктөрүнун түбү 15-30 см, айрым жерде 40-50 см тереңдикте иштетилет. Ийне жалбырактуу жана аралаш токойдо негизинен карагай, Кызыл карагай, эмен, Терек ж. б. отургузулат. Чиригендери жаңысы менен алмаштырылат.

Кыргызстанда Токой өсүмдүктөрүн тигүү 1948-жылдарда башталып, 1976-ж. 121 482 га аянтты ээлеген. Арстанбап, Сары-Челекте табигый жаңгак, мисте, алма, чие, карагай өңдүүлөр өсөт. Булардын мөмө-жемиши жыл сайын жыйналып, мамлекетке өткөрүлүп, чет мамлекеттерге жөнөтүлөт. Аралаш токойлор да кездешет.

2) Кол менен тигилген токой жөнүндөгү теорияны жана практиканы иштеп чыкчу илимий тармак. Анын токой урук таануу, токой питомниги, токой өсүмдүктөрү, баалуу токой түзүүчү өсүмдүктөр, кооз өсүмдүктөр, тамак-аштык, тех. дарак жана бадал породалары, токой мелиорациясы бөлүмдөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.