Мүлкүбатов Токтобай - жазуучу.

Токтобай Мүлкүбатов Токтогул районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1946-жылы 29-декабрда туулган.

1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1966-жылы Токтогул көчүп жүрүүчү механизацияланган колоннада жыгач уста болуп иштөөдөн баштаган, ошол эле мезгилде райондук «Учкун» гезити менен кызматташ болгон. 1974-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы, 1981–1985-жж. бөлүм башчы болгон. 1977–1981-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде редактордун орунбасары, 1985-жылдан Кыргыз ССРинин Мамбаскомунда басмаларды башкаруу начальниги болгон. 1986-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармалыгында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий консультант болуп эмгектенет. 1987–1990-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1990–2000-жж. «Кыргыз – Эл» коомунун башкармасы, 2000-жылдан Борбордук Азия Адабият Академиясынын Президенти.

Чыгармалары басма-сөздө 1967-жылдан жарыяланып келет. Аңгемелер жана новеллалар жыйнагынын автору. Кыргыз элинин тарыхына, маданиятына тиешелүү очерктери, публицистикалык макалалары менен басмасөз беттеринде үзбөй жарыяланып келет.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Биз эрте жетилдик: Новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 39 б.
  • Ат жалын тарткандар: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 176 б.
  • Багымдат: Аңгеме. – Ф.: 1981.

Котормолору түзөтүү

  • Ислам (шарияты). – Стамбул, 1994. – 209 б.
  • Гумилев Л.Н. Этногенез жана жердин био-чөйрөсү. – Б.: Кыргызстан-Сорос фонду, 1999. – 597 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү