Токтогазы Жусупбек уулу (1864, Талас өрөөнү, Кеңкол өндүрү, Таш-Арык айылы — 1933, ошол эле жер) — жазгыч-казалчы акын, кол өнөрчү.
Өз жергесинде медресе ачып, балдардын сабатын ачууга аракеттенген агартуучу. Октябрь революциясына чейин китеп түрүндө тараган диндик жана ар түрдүү мазмундагы поэмаларды кыргыз тилине жакындатып, мүмкүн болушунча түшүнүксүз сөздөрдөн арылта көчүрүп, элге таратып турган.
Ал эми өз ырлары бизге өтө аз санда жетти. Буга анын «молдо» аталышы кедергисин тийгизбей койгон эмес. Токтогазы Совет мегилинде бала окутуп, үгүт-насаат иштерине кеңири тартылган. Токтогазы Октябрь революциясына чейин Россияда жер реформасынын жүрүшүнө байланыштуу кыргыз кедей дыйкандарына жер бөлүп берүүсүн сурап падыша өкмөтүнө арыз менен бир нече ирет кайрылып, натыйжада 1912-ж. Беш-Булак, Кара-Ой, Калба деген жерлер букаралардын энчисине тийген. Бирок, жергиликтүү бий-манаптар алардын жер-сууга ээ болуп, өздөрүнө баш ийбей калганы менен келише албай кысым жасап, зордук-зомбулук жасап турушкан. Акыры, жанына баткан эл 1914-ж. көтөрүлүшкө чыгып, аларды жазалоого келген аскер тобуна каршылык көрсөтүп, бир полицейди өлтүрүшкөнү үчүн Кеңкол болушунан 22 кыргыз соттолгон. Анын ичинде көтөрүлүштүн уюштуруучусу катары Токтогазы да кесилип, ал 1917-ж. түрмөдөн качып чыгып, 1919-жылга чейин казак жергесинде жүргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.