Токтогул ГЭС каскады (Каракөл шаарында) - 1975-ж. негизделген өндүрүштүк мекеме; « Кыргызэнергия » акционердик коомунун филиалы; 1981-ж. Токтогул, Күрпсай, Үч-Коргон ГЭСтери Токтогул ГЭС каскадына бириктирилген.

Ишкананын негизги милдети - толук кубаттуулугу менен ишке кирген ГЭСтерди эксплуатациялоо, ошондой эле каскаддын карамагына Ошол кезде курулуп жаткан Шамалдысай, Ташкөмүр, Камбарата 1, Камбарата 2 ГЭСтери, Каракөл шаарынын, Шамалдысай шаарчасынын турак жайларына, социалдык мекемелерине жылуулук берип туруучу «Шаарды жылуулук менен камсыз кылуучу энергия ишканасы» да кирген. Республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын 80%ке жакынын Токтогул ГЭС каскады иштеп чыгат.

Каскадга кирген станциялардын жалпы кубаттуулугу 2180 МВт; анын ичинен Токтогул ГЭСиники 1200 МВт, Күрпсай ГЭСиники 800 МВт, Үчкоргон ГЭСиники 180 МВт. Токтогул ГЭС каскады жылына орто эсеп менен 10 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Каракөл шаарынын өнөр жай өндүрүшүнүн 98,4% ин Токтогул ГЭС каскады берет.

Каскадда 1300дөй адам эмгектенет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5