Тыныбеков Токтосун (1927–1982) - төкмө акын.

Акын Токтосун Тыныбеков Аксы районунун Тегене айылында 1927-жылы туулган.
Ал 1942-жылы Караганда шаарындагы ДЗОдо окуп, андан кийин ошол Карагандада тоо мастери, участкалык начальниктин жардамчысы,
1946-жылы өз айылындагы, башталгыч мектепте мугалим, маданият үйүндө директор,
1948-жылы Барпы акын менен жолугушуп,
1949-жылы Кыргызстандын филармониясына оркестрдин музыканты болуп кирип, өмүрүнүн акырына чейин филармониянын солисти болгон.
1953-жылдан Кыргыз Эл акыны Алымкул Усөнбаевге адабий катчы болгон.
Токтосундун «Эпкиндүү Ажыбек» деген тунгуч ыры 1947-жылы август айында райондук «Коммунизм жолу» гезитине чыгып, ошондон тарта ыр-лары облустук, республикалык гезит-журналдарга үзбөй чыга баштайт.
1948-жылы Токтогулдун окуучусу Коргол ырчыга жолугуп, андан таалим алган.
Т. Тыныбековдун 1954-жылы «Биринчи эмгек» аттуу ырлар жыйнагы чыккан. Ал жаштардын республикалык, Бүткүл союздук, Бүткүл дүйнөлүк VI фестивалынын лауреаты.
1960-жылы «Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист» деген наам берилген.
1953-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Т. Тыныбеков «Ардак белгиси» ордени менен, «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.
1987-жылы өзү туулган айылдагы орто мектепке акындын ысмы ыйгарылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Биринчи эмгек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 88 б.

Балдарга. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 98 б.

Тилек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. –55 б.

Айтыштар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964, – 150 б. (Турсуналиев Э. менен бирге).

Тууган жер: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 91 б.

Жаз келгенде: Тамсил-жомок. – Ф.: Мектеп, 1975. – 16 б.

Күз: Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 131 б.

Ийнелик: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 17 б.

Менин устаттарым: Эскерүүлөр, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 192 б.

Орус тилинде

Весна пришла: Басня-сказка. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 с.

Стрекоза: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 с.