Толоно-Булак
Толоно-Булак — "Манас" эпосундагы топоним. Радлов жазып алган вариантта "Көзкамандардын окуясына" байланыштуу төмөнкүчө эскерилет:
Көз Камандын балдары, төрөм,
Алмалы булак башынан, төрөм,
Алты сан жылкы алган бейм, төрөм,
Толоно-Булак башынан, төрөм,
Тогуз сан жылкы алган бейм, төрөм,
Айдай албай калган бейм, төрөм,
Соогат баарын алайын бейм, төрөм (Радлов жазып алган вариант 273).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4