Эдвард Томас "Том" Харди (1англ. Tom Hardy;977-жылдын 15-сентябрында туулган) англиялык актер жана продюсер. Анын кинодогу дебюту Ридли Скотт 2001-жылы тарткан "Кара Шумкар" (англ. Black Hawk Down) экшн тасмасы болгон. Хардинин башка көрүнүктүү тасмаларына "Жылдыздуу жол: өч алуу" (англ. Star Trek: Nemesis (2002), "Рок-н-ролчу" (англ. RockNRolla, 2008), "Бронсон" (англ. Bronson, 2008), "Жоочу" (англ. Warrior , 2011), "Тыңчы" (англ. Tinker Tailor Soldier Spy, 2011), "Мыйзам бузгандар" (англ. Lawless, 2012), "Лок" (англ. Locke (2013), "Общак :ууру-кескилер" (англ. The Drop (2014) кирет. "Тирүү калган" (англ. The Revenant, 2015) тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал "Акылсыз Макс" ( англ. Mad Макс: Fury Road , 2015) тасмасында Макстын, "Уламыш" (англ. Legend, 2015). тасмасында эгиздер Режи жана Роналд Крейдин ролдорун аткарган. Т. Харди Кристофер Нолан тарткан "Башталыш" (англ. Inception, 2010), "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight Rises, 2012) жана "Дюнкерк" (англ. Dunkirk) деген үч тасмага тең катышкан.

Актер " Ага-инилер бандасы" (англ. Band of Brothers, 2001), "Падыша кыз" (англ. The Virgin Queen, 2005), "Коркунучтуу ашуу" (англ. Wuthering Heights, 2008), "Сатып алуу" (англ. The Take, 2009), жана "Бирмингемдеги каракчылар" (англ. Peaky Blinders, 2013) телесериалдарында дагы ойногон. Ал "Тыюу" (англ. Taboo, 2017) тасмасынын сценарийин жазып, продюсер болгон жана башкы ролду аткарган.[1]

Т. Харди британиялык жана америкалык театрларында ойногон. Ал Лоуренс Оливье атындагы сыйлыкка "Көптү үмүттөндүргөн жаш актер" номинациясында "Аравияда баарыбыз кан болмокпуз" (англ. In Arabia We'd All Be Kings) пьесасында Сканктын ролу үчүн талапкер болгон. 2003-жылы "London Evening Standard Theatre Award" сыйлыгын "Кан" (англ. Blood) жана Аравияда баарыбыз кан болмокпуз" (англ. In Arabia We'd All Be Kings) пьесаларындагы мыкты дебюттук ролдору үчүн алган. Ал 2007-жылы коюлган "Тартип адамы" (англ. The Man of Mode) комедиялык пьесасында ойногон, Филипп Хоффман режиссер болгон "Узун кызыл жол" (англ. The Long Red Road) пьесасындагы ролу үчүн дагы мактоолорго арзыган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Том Харди в сериялар "Бирмингемдеги каракчылар" Archived 2021-01-24 at the Wayback Machine